Ош шаарына болгон иш сапар

Үстүбүздөгү жылдын 1-3 февраль күндөрү уюм жетекчилери Ош шаарына иш сапар менен барып келди. Иш сапардын негизги максаты жаштар менен жолугушуу жана түштүк аймак боюнча уюмдун кеңсесин ачуу. Иш сапардын жүрүшүндө Өкмөттүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы Абдрахманов Бактеналы Кутманалиевич, Ош мамлекттик университетинин ректору профессор Исаков Каныбек Абдуваситович, ОшМУнун Кыргыз-европа  факуьтетинин деканы ф.и.к., доцент Мараш оглы Шукри Вазирович, ОшМУнун 80-жылдык маарексин өткөрүү боюнча дирекциясынын жетекчиси э.и.к., доцент Камалов Эрлан Токтоназарович, ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин деканы Эркебаев Элес Мизанович, «Youth of Osh» коомдук бирикмесинин жетекчиси Акылбек кызы Назгүл жана көптөгөн шаардын жаштары менен жолугушуулар болуп, эки тараптуу иштешүүлөр талкууланды. Ош шаарынын жаштарынын активдүүлүгүнө кубануу менен күбө болуп, уюмдун аймактык бөлүмүн ачуу боюнча мамлекеттик  тийиштүү органдарга керектүү документтерди тапшырып, иштин улантылышына жаштарга багыт берип келдик.

Comments are closed.