Ош шаарындагы мектептердеги окуучуларга долбоорлорду жазууну үйрөтүү

2019-жылдын 3-4-апрелинде Бириккен Жаштар Уюму Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында шаардын мектептеринде окуучулар менен жолугушуу уюштурушту. 3-апрелде БЖУ Нариманов атындагы #7 мектеп-гимназиясында, 4-апрелде К.Алтыбаев атындагы #14 мектебинде болушту. Бириккен Жаштар Уюмунун жамааты окуучулар менен көп пайдалуу маалыматтар менен бөлүштү.
Ош шаарынын мектеп окуучулары чет тилдерди үйрөнүү , өз максаттарды коюу , чыгымдарды көзөмөлдөө үчүн керектүү коштомолор менен таанышышты. Андан сырткары БЖУ мектеп окуучуларды долбоор түзүүгө үйрөтүп, мектеп ичинде “Эң мыкты долбоор” боюнча кичи сынак уюштурду. Окуучулар билим алуу, экология, социалдык коргоо, медицина боюнча өз долбоорлорун даярдап, коргошту. Алдыңкы орунга ээ болгон окуучулар ардак грамоталар менен сыйланып, калгандары активдүү катышкандыгы үчүн сертификаттарга ээ болушту.

Comments are closed.