Республикалык жаштар форуму

Бириккен Жаштар Уюму 2018-жылдын 4-6-октябрь күндөрү “Аймактарды өнүктүрүүдө жаштардын ролу” аталышындагы Республикалык жаштар форумун өткөрдү. Жогорудагы форум үч күнгө созулуп, жаштар арасындагы көйгөйлөр талкууланып жана чечүү жолдору сунушталды. Форумдун жүрүшүндө аймактрдан келген жаштар уюмдарынын жетечилери жана делегаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары М.А. Парханов жана  Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрү менен жолугушуп, суроо-жооп ирээтинде талкуу болду. Форумдун жыйынтыгында достукту жана ынтымакты бекемдөө максатында жаштар уюмдары арасында эки тараптуу келишимдерге кол коюлуп жана Кашка-Суу эс алуу жайында эс алуу уюштурулду.  

 

Comments are closed.