2019-жылдын 12-13-октябрь күндөрү Бириккен Жаштар Уюму “Жаңы толкун 5.0” долбоорунун алкагында Нарын областынын Жумгал районунун жаштары жана мектеп окуучулары үчүн Чаек айылында IT технология, билим берүү, туризм, реновация, урбанизация, социалдык долбоорлор, экология, ыктыярчылык, укук жана башка багыттар боюнча тренинг, мастер-класс жана интерактидүү окутууларды өткөрдү. Мындан тышкары мектеп окуучуларына өтүлгөн материалдарды бышыктоо максатында “Smart Жумгал” аталышындагы интеллектуалдык оюн уюштурулду.Аймактарда жаштардын жана мектеп окуучуларынын жаңы форматтагы иш-чараларга, технология, интерактивдүү ыкмада окутулган билим берүү системасына кызыгуусу абдан жогору экенине күбөө болдук. Жаштардын максатуу жана жалындуу ой-пикир, сунуштары, алдыга койгон максаттары бизди дагы да ишти улантууга чоң мотивация берди. Биз бул долбоорду жакынкы учурда жана келечекте Кыргызстандын аймактарында бардык жаштар менен биргеликте чогуу улантабыз. Жогорудагы иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Турускулов Жыргалбек Күрүчбековичге жердештерине арналган иш-чарага колдоо көрсөткөндүгүнө жана биздин өнөктөштөр болгон роботтук техника боюнча “Robosky” окуу борборуна, “Kyrgyzstan trevel” туристтик журналынын негиздөөчүсү Назаралиев Данияр мырзага иш-чараны өткөрүүгө салым кошкондугу үчүн чын дилибизден терең ыраазычылык билдиребиз.


0 Comments

Leave a Reply

Avatar placeholder

Your email address will not be published.